Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Сирия: Жообунан суроосу көп референдум


Дамасктагы шайлоо бекеттеринин бири. 26-февраль, 2012-жыл.
Дамасктагы шайлоо бекеттеринин бири. 26-февраль, 2012-жыл.

Сирияда бүгүн кечээги жалпы элдик референдумдун баштапкы жыйынтыгы белгилүү болот. Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өлкөдө кан төгүү менен коштолгон тополоңдор уланып жатканына карабай өткөрүлдү. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 22ге чейин созулду. Добуш берүү убактысынын үч саатка узартылышын мамлекеттик САНА жаңылыктар агенттиги калктын активдүү катышып жатканына байланыштуу деп түшүндүрдү. Сирия оппозициясы болсо бул саясий өнөктүктү фарс деп атады.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 22ге чейин созулду. Добуш берүү убактысынын үч саатка узартылышын мамлекеттик САНА жаңылыктар агенттиги калктын активдүү катышып жатканына байланыштуу деп түшүндүрдү.

Сирия бийликтеринин айтымында, өлкөнүн 23 миллион калкынын ичинен добуш берүүгө укуктуулар саны 14,6 миллион. Азыркы референдумга 13 миң шайлоо бекети уюштурулган.

Борбор Дамасктагы шайлоо бекеттердин биринин башчысы Бассам Хаддад кечээ Рейтердин кабарчысы менен маегинде элдин келүүсү күтүлгөндөгүдөн жакшы экендигин белгиледи:

- Эртең мененден бери добуш берүү жакшы кетип жатат. Бул биз күткөндөн кыйла жогору. Биз бул ушул убакытта күтүлгөндүн 200% деп айта алабыз.

Бирок он бир айга аяк баскан, кан төгүү менен коштолгон тополоң токтой электигин, өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү бир катар аймактар өкмөт көзөмөлүнөн чыгып кеткендигин, өлкөнүн үчүнчү ири шаары – Хомска армия чабуул жасап жаткандыгын эске алганда референдум кандай өткөндүгү көп суроолорду жаратууда.

Бир партиянын монополиясы бүтөт, бирок ...

Президент Башар Асад бийликти мындан он эки жыл илгери атасынан мурастап калгандан бери Сирияда эки жолу гана референдум өткөн. Биринчисинде, 2000-жылы Асад президенттик кызматка бекитилсе, жети жылдан кийин экинчи мөөнөткө дайындалган. Эки референдумда тең “ооба” деп добуш бергендер 97%дан ашкан.

Эми Сирия Конституциясынын жалпы элдик референдумга чыгарылган жаңы долбоору теориялык жактан караганда бир партиянын өлкөдө дээрлик жарым кылымга созулган бийлик монополиясын токтотуусу керек.

Анда президент Асаддын "Баас" партиясы мурдагыдай “Сирия элинин жана мамлекеттин башкаруучу күчү” деп мүнөздөлгөн эмес. Жаңы долбоор ошондой эле президенттин бийлигин эки жети жылдык мөөнөт менен чектейт. Асаддын азыркы бийлик мөөнөтү 2014-жылы аяктайт, бирок Конституция долбоорунун мыйзам өткөн учур үчүн күчкө ээ болбосун караган башка бир жобосу ал бийлигин узартышына мүмкүндүк берет.

Башар Асаддын режими эгер Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса, үч ай ичинде парламенттик шайлоо өткөрүлөт деп убада кылууда.

Бирок сириялыктарды референдумду бойкоттоого чакырган оппозиция саясий өнөктүктүн маани-маңызы жок деген турумда. Референдумду “фарс” деп мүнөздөшкөн активисттердин ырастоосунда, режим эркиндикке жана тынч мүнөздөгү митинг-демонстрацияларды кепилдеген мурдагы Конституцияны деле эгерим урматтаган эмес.

Кыянатчылыктар референдум күнү да токтогон жок

Лондондо жайгашкан, Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюм референдум күнү да Хомс шаарынын козголоңчул Баба Амр району кайрадан аткылангандыгын, жаңы жарылуулардан добушу угулганын кабарлады. Бул уюмдун маалыматы боюнча, зордук-зомбулуктар кечээ башка аймактарда, анын ичинде Идлиб жана Деир ал-Зор провинцияларында да болгон.

Оппозиция активисттеринин ырастоосунда, референдумдун жуп алды, ишембиде 100 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын көпчүлүгү жөн-жай тургундар. Активисттер ошондой эле жекшембиде 29 адам каза тапканын, алардын басымдуу бөлүгү Хомс шаарынын тургундары экендигин билдиришти. Бирок Сирия бийлиги чет элдик журналисттердин эркин иштөөсүнө мүмкүндүк бербегендиктен бул маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Режим үмүт артат, оппозиция жана эл аралык коомчулук ишенбейт

Дамасктагы бийлик референдум аркылуу өлкөдөгү чалкеш кырдаалды жөнгө салууну көздөгөнү менен оппозиция активисттери мунаса үчүн убакыт өтүп кетти, кан төгүүгө жол берген президент тактыдан чегинүүсү керек деп жатышат.

Эл аралык коомчулуктан да Асадын режимине каршылаштарын күч менен жазалоону токтотуусу үчүн кысым көргөзүлүүдө.

“Сириянын достору” деген топко кирген 70 өлкө апта соңунда Тунистеги конференциядан кийин кабыл алынган декларацияда Дамаскты кыянатчылыктарды тезинен токтотууга, гуманитардык жардамдын келишине жол ачууга чакырды.

“Сириянын достору” тобу ошондой эле режимге каршы кошумча санкциялардын киргизилишин жактарын билдирип, өкмөткө каршы топтордун бири – Сириянын улуттук кеңешин оппозициянын “ишенимге арзыган” добушу катары кабыл алууну чечти.

Сирия Улуттук кеңешинин лидери Бурхан Галион мындай дейт:

- Биз дүйнөдөн ыңкылапты биздин атыбыздан тынч же аскерий жол менен жасап берүүнү суранбайбыз. Сирия үчүн күрөшүү биздин милдетибиз жана укугубуз. Бирок биз дүйнөдөн колдоону жана жардам берүүнү жана тыштан биздин кызыкчылыктарга зыян келтирип жаткандарды токтотууну сурануудабыз.

Сирия бийлигинин кечээги референдумун Батыш өлкөлөрү да сынга алды. АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон добуш берүүнү “уятсыздык менен амалкөйлөнүү” десе, Германия тышкы иштер министри Гидо Вестервелле “фарс” деп мүнөздөдү. Анын айтымында, жасалма добуштар кризисти чечүүгө жардам бере албайт.

Бул аралыкта президент Башар Асад кечээ өлкөсү маалымат каражаттарынын чабуулуна кабылганын айтып чыкты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG