Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:39

“Оскар”: “Артист” тасмасы мыкты фильм аталды


Бүгүн таң менен АКШнын Лос-Анжелес шаарында Американын киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгы тапшырылып бүттү. Үнсүз, кара ак түстө гана тартылган “Артист” фильми 2011-жылдын эң мыкты фильми деп табылды. Бул тасма “Оскар” сыйлыгынын 84 жылдык тарыхында мыкты тасма номинациясында жеңген экинчи үнсүз фильм болуп калды. “Артист” фильминин режиссеру Мишель Хазанавичус мыкты режиссер, фильмде башкы ролу ойногон Жан Дюжарден мыкты актер наамын алды. Ал эми “Темир аял” фильминде Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тетчердин ролун аткарган Мэрил Стрип үчүнчү жолу мыкты актриса аталды. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG