Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Ала-Букадагы митингчилер тарап кетти


Ала-Бука районунда депутат Исхак Пирматовду колдоп митингге чыккандар таркап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Асылбек Бийчиев кабарлады. Тартип коргоо кызматкерлеринин баамында, бүгүнкү митингге 100дөй адам чыкты. Уюштуруучулар алардын саны 600гө жеткенин билдиришүүдө.

Башкы прокуратура Пирматов 2008-2010-жылдары “Кыргызмунайгазды” жетектеп турганда ишканага каржылык зыян келтирген деп айыптоодо. Бүгүн митингге чыккандар менен Пирматовдун өзү бул дооматты четке кагууда. (KJ/KKs)

XS
SM
MD
LG