Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Депутаттын мас айдоочусу эки адамды сүзүп кетти


Депутат Ирина Карамушкинанын айдоочусу “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү KG номерлүү машинасы менен Бишкек-Торугарт жолунун 67-чакырымында эки адамды сүзүп кетти. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ кечкурун болгон кырсыктын натыйжасында 70 жаштагы Кочкор районунун тургуну Асангазы Кутманалиев каза болуп, 38 жаштагы Сокулуктун тургуну Алмаз Матиев ооруканага жаткырылды. Айдоочу мас абалында болгону аныкталды. Бул маалыматты депутат Ирина Карамушкина өзү “Азаттыкка” тастыктады.

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек-Торугарт жолунда “Хонда-Одисей” үлгүсүндөгү автоунаа дөңгөлөгүн оңдоо үчүн токтоого аргасыз болгон. Унаанын эки жүргүнчүсү сыртка чыгып турганда, аларды белгисиз машина катуу ылдамдыкта келип, сүзүп кеткен. Жүргүнчүлөр машинанын үлгүсүн, номерин карай албай калышкан. Милиция кызматкерлери келип, машинанын окуя болгон жерде калган сыныктарын карагандан кийин, качкан машина “Тойота-Камри” үлгүсүндө болгонун аныкташкан. Көп өтпөй бул машина Бишкек четиндеги ГЭС-5 аймагында байкалып, машинаны күчтөп токтотушкан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды. (KKs)

XS
SM
MD
LG