Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Ош: жардыргыч зат тууралуу жалган билдирүү тараткан адам изделүүдө


Ош шаарында телефон аркылуу террордук маанайдагы жалган маалымат таркаткан адамга издөө салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, бүгүн милицияга шаардык төрөт үйүнө жана балдардын реаблитациялык борборуна жардыргыч зат орнотулгандыгы тууралуу анонимдүү телефон чалуу болгон. Аталган жерлерге барган ыкчам топ эч кандай жардыргыч заттарды тапкан эмес. (SE/KKs)

XS
SM
MD
LG