Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Кытай Сирия жаңжалы боюнча АКШны сындады


“Вашингтондун негизги максаты Араб өлкөлөрүнө таасирлик кылуу” деп жазды Кытай компартиясынын расмий "Женьминь жебао" басылмасы. “АКШ Сирия чатагында президент Башар Асаддын каршылаштарын гана колдоп жатат, Кытай болсо нейтралдуу позицияны карманып, согушту токтотууну жана Сириядагы саясий кризисти калыпка келтирүүнү көздөйт” деп белгиледи басылма.

Кытай жакында БУУнун коопсуздук кеңеши Тунисте уюштурган “Сириянын достору” аталыштагы конференцияга да катышуудан баш тарткан. Аталган форумга 70тей өлкө катышып, анын ичинде АКШ да Дамаскка кысым көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Форумда сөз алган АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сирия боюнча позициясы үчүн Кытай менен Орусияны сынга алган. Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы “Сириянын достору” конференциясын бир беткей өткөнүн сындап чыкты.

XS
SM
MD
LG