Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Байкоочу кеңешке талапкер көрсөтүү мөөнөтүн узартуу сунушталды


Жарандык коомдун өкүлдөрү Коомдук телерадио корпорациясынын байкоочу кеңешине талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтүн узартууну сунуштоодо. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунованын билдиришинче, кеңешке талапкер болууну каалагандар убакыттын тардыгынан улам сынакка катышпай калышы мүмкүн. Мындан улам анын мөөнөтүн 15-мартка чейин жылдыруу демилгеси көтөрүлүүдө.

КТРКнын байкоочу кеңеши бүгүн Жогорку Кеңеште жарандык уюмдардын катышуусунда өткөн тегерек үстөлдө талкууланды. Буга чейин белгиленгендей, кеңешке талапкерлерди көрсөтүү 5-мартта аяктайт. Азырынча жарандык коом менен парламенттин атынан 18 адамдын талапкерлиги сунушталды.

15 адамдан турган байкоочу кеңештин бешөөнү президент, дагы бешин парламент, калганын жарандык коом сунуштайт. Улуттук телерадио корпорациясы 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин коомдук каналга айланган. 2010-жылы 3 жылдык мөөнөткө дайындалган Байкоочу кеңеш жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу тарай турган болгон. (КЕ/KKs)

XS
SM
MD
LG