Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Microsoft кыргыз өкмөтү менен кызматташууга даяр


Кыргызстанда автордук укукту бузган компьютердик программалар көптүгүн вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Microsoft корпорациясынан келген делегация менен бүгүнкү жолугушуусунда билдирди. Оторбаев мыйзамсыз программалардын таркашын алдын алуу үчүн лицензиясы бар программаларды ылайыктуу баада сатууну сунуштады. Делегацияны жетектеп келген корпорация өкүлү Джордж Лакотриппус Microsoft кыргыз өкмөтү менен мамлекеттик алып сатууларды электрондоштуруу, жогорку технологиялар паркын куруу багытында кызматташууга даярдыгын билдирди. Анын айтымында, буга чейин Microsoft Office программасына 100 миңден ашык кыргызча сөз киргизилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG