Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Батыровду космонавт Шарипов калкалаганбы?


Космонавт Салижан Шарипов кыргыз элчилигинин алдына нааразылыкка чыккандар менен. Москва, 2010-жылдын июну.
Космонавт Салижан Шарипов кыргыз элчилигинин алдына нааразылыкка чыккандар менен. Москва, 2010-жылдын июну.

Кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов июнь коогасына жана Кадыржан Батыровдун мүлкүнө байланыштуу өзүнө карата дооматтарды четке кагууда.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Орусиядагы кыргыз диаспораларынын лидерлери менен жолугушуусуна Москвада жашаган кыргызстандык биринчи космонавт Салижан Шарипов кире албай калды. Мындан бир аз мурдараак, 18-февралда президент Атамбаев Ош шаарында студенттер менен жолугушуп жатып, Салижан Шарипов Ош окуяларына күнөөлүү делгендердин башында турган Кадыржан Батыровдун мүлкүн капсалаңдан кийин өзүнө өткөрүп алган деп билдирген. “Азаттык” бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жана Салижан Шариповдун пикирин укту.

Космонавт Шарипов жана Батыровдун мүлкү

Орусия башкалаасына 2 күндүк иш сапары менен келген президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын 42 аймагынан келген кыргыз эмгек мигранттары менен 23-февралда Москвадагы “Президент” мейманканасында жолукту.

Ал күнү мейманкананын алдында учкуч Салижан Шариповдун жолугушууга кире албай жатканына күбө болдук, себеби ал тизмеде жок экен.

Мейманкананын ичинде кыргыз элчилигинин консулу Айжигит Буранов “Салижан Шарипов жолугушууга кирем деп алдын ала кайрылбаганы үчүн тизмеде жок, ошондуктан кире албайт”, - деп жооп кайтарды.

24-февралда Салижан Шарипов жолугушууга кирүү үчүн алдын ала анын уюштуруучулары менен байланышканын, бирок аты тизмеден атайын өчүрүлгөндүгү тууралуу “Азаттыкка” кабарлады.

- Ооба, кайрылгам, алдын ала айткам. Кийин өчүрүп салышты.

Шариповдун айтымында, президент Атамбаевге туура эмес маалымат берилип жатат жана ал түшүнбөөчүлүктү тактоо үчүн өлкө башчысы менен жолуккусу келген.

Улуттар аралык жаңжалга күнөөкөр атыгып, чет өлкөдө качып жүргөн Кадыржан Батыровду кыргыз учкучу Салижан Шарипов калкалагандыгын президент Алмазбек Атамбаев 18-февралда Ошто студенттер менен жолугушуп жатып айткан.

- Кадыржан Батыровдун мүлкүнүн бир тобу космонавт Салижан Шариповго жазылып калыптыр. Шарипов өткөн жылы кимдерге чуркап жүргөнүн билесиңер. Кыргызстанды бөлөм, антем-минтем деген кишиге чуркап жүрдү. 2010-жылы деле ушундай болгон. Бирок мунун баарын иликтеп өз жайына коёбуз. Мага ишенип койгула.

Өлкө башчысы ошондой эле июн окуяларына күнөөкөрлөр сөзсүз жазаланат деп белгилеген:

- 2010-жылы Атамбаев, дагы бир топ убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болуп "Кадыржан Батыровдун үйүнө барып чай ичип олтуруп, анан урушту кантип чыгаргандыгы" тууралуу сөз болуп атат. Бирок мен эми так ошол маселени иликтеп, ошол дачага ким барганына чейин алып чыгам. Ошондо эки көзүңөр төрт болот. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болсо, аны чыгарабыз, башкасы болсо башкасын чыгарабыз. Кадыржан Батыровдун өкүлү акча алып атса Салижан Шариповдон, кантип түшүнбөсүн кимден алып атканын? Эмне убадалар берип атканын кантип түшүнөсүң? Кайрадан кайталансын деп атат да.

Кадыржан Батыров менен Салижан Шариповдун байланыштары тууралуу парламентте баш прокурор да сөз козгогон. Бирок учкуч Батыровдун канча мүлкүнө ээлик кылаары так айтылган эмес.

Ички иштер министрлиги да бул иштер боюнча иликтөөлөр толук жыйынтыкталмайын маалыматты ачыктоодон баш тартууда. Министрликтин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов Атамбаевдин сөзүн “Азаттыкка” минтип комментарийлеген.

- Негизи мен саясатчылардын пикирине комментарий бере албайм. Мен саясатчы эмесмин. Мен жөн гана аткаруу кызматында иштеген бир адисмин. Анан эми бул маселени учур көрсөтөт. Бардыгы иликтенип, талданып чыккандан кийин анан таанышасыздар.

Бирок буга чейин “Азаттыктын” өзбек кызматына берген маегинде Кадыржан Батыров өзү да мүлкүн Шариповго өткөрүп бергенин тастыктаган.

“Достук” ачык акционердик коомунун акцияларынын көзөмөлдөөчү бөлүгүн аялы Карамат Батырова Салижан Шариповго 2010-жылдын 15-июлунда саткан. Бул окуя Батыровго кылмыш иши козголоордон бир күн мурда болгон:

- Коогалаңдан кийин “Батыровдун мүлкү мамлекетке өткөрүлөт” экен деген сөз чыккан. Ошондо эл Салижан Шариповдон суранышып, менин ошол «Достук» университетимди, менчик мектебимди өз карамагына алуусун суранышкан. Анан Шарипов бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, бардыгын өзүнө сатып алган. Ансыз менин мүлктөрүмдү же бийлик, же криминал тартып алат болчу, - деген Кадыржан Батыров.

Салижан Шарипов болсо Кадыржан Батыров менен аны эчтеке байланыштырбай турганын “Азаттыкка” билдирди.

- Батыров мага мүлкүн кандайча өткөрүп берсин?! Кантип? “Достук” ачык акционердик коомунун акцияларын сатып алганым чын, аларды сатып алууга ар кимдин укугу бар болчу, фондулук биржада ачык түрдө сатылган.

Космонавттын айтымында, “Достуктун” мыйзам чегинде сатылып алынган акциялары “Батыровдун мүлкү Шариповго жазылган” дегенди түшүндүрбөйт. Ал Батыров аялы Карамат менен 1999-жылы ажырашканын белгилейт.

Шарипов эмгек мигранты эмес...

Москвадагы сапарын жыйынтыктап жатып президент Атамбаев “Азаттыкка” дагы бир жолу Шарипов боюнча далилдер бар экенин тастыктады:

- Кадыржан Батыров мүлкүн сактап калайын деп атат. Мүлкүн аялына жаздырып, аялы менен калп эле ажырашып... Анын Батыровдун аялы бир топ мүлктү Салижан Шариповго да жаздыра койгон. Бул башкы прокуратуранын документтери, Атамбаевдин сөзү эмес.

Ал эми Шарипов эмнеге жолугушууга кирбей калганын президент мындайча түшүндүрдү:

- Менимче, Шарипов эмгек мигранты эмес, ал Орусиянын жараны. Мен эмгек мигранттары менен жолуктум, аларда чыныгы көйгөйлөр бар, эмгек мигранттары бирөөнүн акцияларын өздөрүнө жазып алуу аракеттерин көрүшкөн жок.

Жалал-Абад шаардык соту өзбек улуттук борборунун мурдагы президенти Батыровду 2010-жылдагы май-июнь окуяларына байланыштуу этностор аралык араздашууга, массалык башаламандыкка айыптуу деп таап, аны сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. Кандуу окуяны уюштурган деп айыпталып жаткандардын катарында Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдурасулов жана Жалалиддин Салахуддинов да бар.

Кыргыз учкучу Салижан Шарипов эки жолу ачык космоско чыккан. Кыргызстандын жана Орусиянын эл баатыры учурда Москвада жашайт жана Орусиянын жараны.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG