Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

ЕККУ өкүлү кыргыз бийлигин ferghana.ru сайтын токтоосуз ачууга үндөдү


Европадагы коопсуздук жана кызматташтук уюмунун Маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Мийатович Фергана.ру сайты Кыргызстанда токтоосуз кайра ачылып, интернет эркиндиги калыбына келтирилиши керек деп билдирди. Кыргызстанда интернет байланышын тейлеген компаниялар өткөн аптада Мамлекеттик байланыш агенттигинен алган каттагы көрсөтмөгө ылайык, аталган сайтты жаба башташкан. "Кыргызтелеком" аркылуу интернетке чыккандар үчүн бул сайт азыр жабык. Кыргыз парламентинин төрагасы Асылбек Жээнбековго жолдогон катында Мийатович айым: "Соңку кездери сөз эркиндигин бекемдөөдө бир катар батыл кадамдарды жасаган Кыргызстан эми кайра тескери багытка бурулганы бизди өкүндүрөт", - деп жазган.

Кыргыз парламенти 2010-жылдын июнь айындагы улуттар аралык коогалаң боюнча комиссия отчетун уккандан кийин ал окуяларды бейтарап чагылдырган жок деп Фергана. ру сайтын өлкөдө жабууну тапшырган.

XS
SM
MD
LG