Киевдеги райондук сот кечээ мурдагы ички иштер министрин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, мамлекеттик мүлктү уурдаган” деп тапты. Сот Луценконун бүт жеке мүлкүн опуздоону буйруду. Андан сырткары, Луценко эркиндикке чыккандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматка алынбайт деген чечимин чыгарды.
Оппозициялык кыймылды жетектеген Луценко өзүнө тагылган айыпты моюнга алган жок. Соттун өкүмүн ал “саясий өч алуу” катары сыпаттады.
Евробиримдик украин сотунун чечимин сындап, “соңку өкүм бул өлкөдөгү соттун көзкарандысыздыгы күмөн жарата турганын көрсөттү” деп билдирди.