Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Сирияда 144 адам өлтүрүлдү


Бул тууралуу Сириядагы активисттердин Жергиликтүү координациялык кеңеши кабарлады. Бирок мынча адам кечээ өлгөнбү же соңку бир нече күндөн берки атышуулардын курмандыктарыбы – такталган жок. Аталган топ менен кошо баш-кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо жүргүзүү кеңеши 60 адам Хомс шаарында өлтүрүлгөнүн айтышты. Бул эки уюмдун тең маалыматында, Хомстун тургундары башка шаарга качып бараткан жеринен өлтүрүлгөн. Ал арада “Кызыл чырым” эл аралык уюму Баба Амр шаарына кирип, өкмөттүк аскерлердин чабуулуна кабылган шаардан үч адамды чыгарып кете алганын кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG