Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Финполициянын кызматкери паракор деп айыпталууда


1,5 миң доллар пара алды деп айыпталган Чүй облустук финансы полициясынын бир кызматкеринин иши сотко өттү. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул кызматкерге өткөн жылдын ноябрь айында кылмыш иши козголгон. Иштин ачылышына Чүй облусунун бир тургунунун арызы себеп болгон. Ал тургундун айтымында, финполициянын кызматкери “бизнесиңди сактап берип турам” деп, 5000 миң сом талап кылган. Көп өтпөй финполициячы пара алып жаткан учурда кармалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG