Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Microsoft Кыргызстандагы “каракчылыкты” токтотууга чакырды


Компьютердик программалары менен дүйнөгө белгилүү Microsoft корпорациясынын өкүлдөрү Кыргызстанды мыйзамсыз, каракчылык жол менен алынган программаларга каршы күрөшүүгө чакырды. Корпорациянын Борбордук жана Чыгыш Европа боюнча өкүлү Евгений Даниловдун бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдиришинче, Кыргызстандагы компьютердик программалардын 90 пайыздан ашыгы автордук укукту бузуп, каракчылык жол менен табылган. Эгер бул көрүнүштү алдын алуу үчүн атайын мыйзамдар кабыл алынса, Microsoft Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачууну көздөйт. (KKs)

XS
SM
MD
LG