Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

Баткенде жаңжалдардын алдын алуучу комитет ишин баштады


Баткен облусунда ар кандай жаңжалдардын алдын алуу үчүн түзүлгөн кеңешүүчү комитет иштеп баштаганын облустук администрациядан “Азаттыкка” кабарлашты. Аталган комитетке облустагы ар кыл катмардын өкүлдөрү кирип, алар ай сайын жыйын өткөрүп, сунуштарды иштеп чыкмакчы. Жакында бул комитеттин атайын катчылыгы ачылып, анын ишин жүргүзүү милдетин “Эл аралык толанттуулук үчүн” коомдук фондусу колго алды. Облуста жаңжалдардын алдын алуучу комитет буга чейин да иштеп келген. Ортодо иш үзгүлтүккө учурагандыктан, бул жолу комитеттин курамы жаңыланды. Баткен облусунунда этностук негизде, чек ара маселелери боюнча жаңжалдар катталып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG