Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

ЕККУ өкүлү Фергана.ру сайтынын жабылышын сынга алды


ЕККУнун Басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович Кыргызстанда Фергана.ру сайтын жабуу демилгесин сынга алып, өлкө бийлигин интернет эркиндигин сактоого үндөдү. Бул маалыматты ЕККУнун Басма сөз эркиндиги боюнча Венадагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” тастыкташты.

Дуня Миятович сайтты жабуу боюнча парламенттин токтому эч кандай соттун чечими жок кабыл алынганын, интернеттин чектелиши Кыргызстандын басма сөз эркиндиги боюнча милдеттенмелерине карама-каршы келерин билдирген. Ошондой эле сайттын жабылышы Кыргызстанда басма сөз эркиндиги боюнча буга чейин жасалган иштерге көлөкө түшүрөрүн белгилеген. ЕККУ өкүлү мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасына жөнөткөн катында да айткан.

Былтыр жайында Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы июнь окуялары тууралуу улуттар аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаган деп Фергана.ру сайтынын kg мейкиндигин чектөө тапшырмасын Башкы прокуратурага жөнөткөн. Натыйжада 21-февралдан тарта "Кыргызтелеком" ишканасы өз кардарлары үчүн Фергана.ру сайтын жапкан. Бул жагдайды “Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстандын “артка чегинүүсү” деп мүнөздөп чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG