Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ош: Шайлоодо тартипти камсыз кылуу үчүн ыкчам штаб түзүлдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ыкчам штабды мэр Мелис Мырзакматов жетектейт. Анын курамында тиешелүү кызматтардын жетекчилери бар. Алар шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүшөт.

Андан сырткары коомдук саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө такай көз салуу менен ал жердеги өзгөрүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына маалымдап турушат. (SE)

XS
SM
MD
LG