Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09
АКШнын Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Митт Ромни Республикалык партиянын атынан президенттикке талапкерликти алыш үчүн Мичиган жана Аризона штаттарында алдын ала өткөн шайлоодо же праймеризде жеңди. Мичиганда бюллетендердин 80% эсептелинип бүткөндө Ромни 41% добуш алганы анык болду, ал эми Аризонада ал добуштардын 49% ээлеген.

Азыр республикачылдардын атынан президенттикке ат салышуу үчүн Ромниден сырткары, Рик Санториум, Ньют Гингрич жана Рон Пол күрөшүп жатышат.

6-мартта 10 штатта катары менен шайлоо өтөт. Бул күнү республикачылдар быйыл ноябрда Барак Обама менен президенттик үчүн ким күрөшөөрүн аныктап калышы да ажеп эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG