Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Космонавт Шарипов коогалаңга тиешеси бар деген кептер төгүндөлүүдө


Президент Алмазбек Атамбаев Оштогу студенттер менен жолугушуусунда космонавт Салижан Шариповдун июнь окуясына тиешеси бар деп айткан эмес. Мындай билдирүүнү бүгүн президенттин басма сөз кызматы таркатты. Маалыматка ылайык, Атамбаев жолугушуу учурунда июнь коогасы боюнча айыпталып жаткан Кадыржан Батыровдун мүлкүнүн бир бөлүгү космонавт Салижан Шариповго өткөнүн гана белгилеген. Бирок президенттин сөзү туура эмес талданып, бир катар маалымат каражаттары “Салижан Шарипов июнь окуясына тиешеси болгон” деп жазып жиберишкен. Мындан улам президенттин басма сөз кызматы бул маалыматтарды төгүндөп, Атамбаев Кадыржан Батыровдун жоопкерчиликтен качып кетишине жардам берген адамдар менен эч кандай байланышы жок экендигин кабарлады.

Мындан тышкары президенттин маалымат кызматы Башкы прокуратуранын маалыматына таянып, Кадыржан Батыровдун аялына таандык “Дустлик” ачык акционердик коомунун 85 пайызын Салижан Шарипов сатып алганы тастыкталганын билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG