Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

КСДП Ош мэринин билдирүүсүн четке какты


Ош мэри Мелис Мырзакматовдун административдик ресурс колдонулуп жатат деген билдирүүсүн бүгүн Жогорку Кеңештеги Социал-демократттар фракциясы негизсиз деп сыпаттады. Социал-демократтар бүгүн таркаткан билдирүүсүндө Ош шаарынын жетекчилигин такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырды. Мындан тышкары элди ар кыл чагымчыл аракеттерге алдырбоого үндөдү. Эки күн мурда Мелис Мырзакматов 4-мартта өтө турган шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо КСДП партиясы административдик ресурс колдонуп жатканы тууралуу билдирүү тараткан. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG