Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Дипломаттар үчүн жаңы наам негиздөө сунушталууда


Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги «Дипломатиялык кызматтын эмгек сиңирген кызматкери» аттуу жаңы наам негиздөөнү сунуштоодо. Бул тууралуу министрликтин статс-катчысы Асеин Исаев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирип, бул наам кесипкөй дипломаттарга гана берилерин белгиледи. Кыргызстанда мындай наамга экс-президент Роза Отунбаева, дипломаттар Ишенбай Абдразаков, Муратбек Иманалиев татыктуу экенин кошумчалады. Айрым депутаттар жаңы наамды негиздөөгө зарылчылык жок экенин белгилешүүдө. Жаңы наам негиздөө үчүн Жогорку Кеңештин колдоосу зарыл. (KKs)

XS
SM
MD
LG