Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:16

Куала-Лумпур-Бишкек каттамы ачылышы мүмкүн


Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдан Бишкекке карай аба каттамын ачуу сунушталууда. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Аскар Бешимов Түштүк-чыгыш Азиядагы эң чоң аба компания болгон Air Asiaнын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, бул маселени талкууга алды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Air Asia бул каттамдын ачылышынын пайдасы боюнча экспертиза жүргүзө турган болду. Анын жыйынтыгы менен аба компания каттам боюнча так чечимин айтат. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG