Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

Сирияда өмүрү кыйылгандар саны жети жарым миңге чамалады


Хомс шаарынын Баба Амр району артиллерия аткылануусунан жаракат алган бала. 28-февраль, 2012-жыл.

Хомс шаарынын Баба Амр району артиллерия аткылануусунан жаракат алган бала. 28-февраль, 2012-жыл.

Сириядагы уруштар учурунда мерт болгондор саны жети жарым миңге чамалап калганы тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда Баш катчынын саясий иштер боюнча орун басары Лин Паска билдирди.

Ал кошумчалагандай, күнүнө бул өлкөдөгү уруштардан 100дөй жайкын тургундун, анын ичинде аялдар менен жаш балдардын өмүрү кыйылууда. Мындан сырткары өлкө ичинен жер которгондор саны 100-200 миңди түзсө, коңшу өлкөлөргө 25 миңдей сириялык качып чыкканы БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты тарабынан катталган.

Кечээ БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай Сириядагы кырдаалды “үрөй учурарлык” деп атап, президент Башар Асады ок атышууну гуманитардык максатта токтотууга чакырган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG