Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Түндүк Корея ядролук программасынын ишин токтотууга көндү


Расмий Вашингтондун кабарына караганда, Түндүк Корея уран байытууну, узакка жетчү ракеталар менен өзөктүк куралды сыноолорун токтотууга макул болду. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Виктория Нуланд билдиргендей, өлкөдө чындап эле ядролук аракеттер токтотулганын текшериш үчүн МАГАТЭнин инспекторлорун да расмий Пхеньян аймагына киргизе турган болду. Муну АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон жылуу кабыл алганын билдирди.

"АКШда дагы эле камтамачылык бар. Бирок Ким Чен Ирдин өлүмүнөн кийин азыр эми жаңы жетекчилик өз элин тынчтыкка жана туруктуу өнүгүү жолуна салган нукка жетелейт го деген үмүт бар, - деди Клинтон. - Бүгүнкү билдирүү туура багытка карай алгачкы кадам болду".

Кечээ таркатылган кабарда айтылгандай, жакынкы күндөрү америкалык жана түндүк кореялык расмий өкүлдөр жолугушуп, Америка сунуштаган жардам пакети тууралуу сүйлөшөт. Буга чейин эки өлкөнүн элчилери ушул айдын башында Кытайда жолугушкан.

XS
SM
MD
LG