Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Сирия режими Хомсту оппозициялык күчтөрдөн тазалай турганын эскертти


Хомс - өлкөдө бир жылдан бери уланып жаткан бийликке каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн чордонуна айланган шаар. Бийликтер эми ал жерди тазалоо операцияларын өткөрүүнү пландап жатышат.

Кабарларга караганда, президент Башар ал-Асаддын бир тууган иниси Махер Асад жетектеген батальон Баба Амрдын жанында урушка даяр турат.

Ал арада Бириккен улуттар уюмунун гуманитардык миссиясынын жетекчиси Зухейир Жаббур Сирия бийликтери анын өлкөгө киришине уруксат берише электигин билдирди. АКШнын Улуттар уюмундагы өкүлү Сьюзан Райс муну” уят иш” деп атады.

XS
SM
MD
LG