Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Прагада студенттердин демонстрациясы өттү


Шаршембиде Чехиянын борбор калаасында жети миңдей студент мамлекеттик жогорку билим берүү жаатындагы реформага каршылык билдирип, демонстрацияга чыкты. Реформанын алкагында мурдагы бекер окутуу системасы жокко чыгарылмак.

Реформаны жактагандар каражаттын тартыштыгы окутуучулардын айлык акысын жогорулатууга, окуу үчүн жаңы техникаларды алууга мүмкүндүк бербей келатканын айтышат. Студенттер болсо алдыда пландалган реформа университеттерди “корпорацияларга” айландырат деп ишенишет. Ошондуктан мамлекеттин эсебинен бекер окутуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууга аракет кылышууда.

Чехиянын өкмөт-башчысы Петр Нечас студенттер менен мунаса табыш үчүн сүйлөшүүлөр дагы уланаарын убада кылды.

Бул өлкөдөгү Жогорку окуу жайларда 400 миңдей студент бар. Алардын басымдуу бөлүгү 26 мамлекеттик университетте билим алат.

XS
SM
MD
LG