Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Бюджеттик каражаттарды көзөмөлдөөчү коомдук кеңеш түзүлөт


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышын көзөмөлдөө максатында коомдук кеңеш түзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Коомдук кенешке бейөкмөт уюмдар, аксакалдар кеңеши, шаардык кеңеш жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү кирет. Бул топ аймактарга бөлүнгөн акча каражаттарын да көзөмөлгө алат. Бул чара бюджеттик каражаттарды колдонууда коррупциялык схемаларды алдын алуу үчүн көрүлүүдө. Өкмөт башчы облус, райондордун башчыларына мындай кеңешти түзүү үчүн он күндүк мөөнөт берди. (TSh/KKs)

XS
SM
MD
LG