Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Азербайжан: нааразылык акциясы массалык тополоңго айланды


Азербайжандын Губа шаарында район башчысын алмаштырууну талап кылган нааразылык акциясы массалык тополоңго айланды. Шаарга Ички иштер министрлигинин атайын бөлүктөрү, бронетехника киргизилүүдө.

Кабарларга каранда, демонстранттар район акимиатынын имаратына чабул жасап, терезелерди талкалашты. Бир нече киши кармалды. Жакында райаким Рауф Хабибов жердештерин жерлерин 40 доллар сатып жатышканын айтып, аларды "чыккынчылар" деп атаган. Ал кийин кечирим сураган. Шаарга транспорт министри Зия Мамедов келди.

Соңку кабарга караганда, аким кызматтан кетти. Борбор шаар Бакудан 160 километр алыс жайгашкан Губа Орусия менен чек арага жакын, түндүктө орун алган.

XS
SM
MD
LG