Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Азербайжанда аскерлер жаш агызчу газ колдонушту


Азербайжандын түндүгүндөгү Губа шаарында нааразылык акциясынын катышуучуларын таратуу үчүн аскерлер жаш агызчу газ колдонушту.

Демонстранттар райаким Рауф Хабибовдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Ал жакында жердештерин өз жерлерин 40 долларга сатып жатышканын айтып, аларды "чыккынчылар" деп атаган. Бирок кийин бул сөздөрү үчүн кечирим сураган.

Бүгүн эртең менен администрациянын жанына миңдеген киши келип, нааразылыгын билдиришти. Акция массалык тополоңго айланып кетти. Митингчилер акимиаттын терезелерин талкалап, Хабибовдун үйүн өрттөп жиберишкен.

Бийлик шаарга Ички иштер министрлигинин атайын бөлүктөрүн, бронетехника, суу атмаларды жиберди. 3 полициячы менен 1 митингчи жабыркаганы кабарланууда. Бир нече киши кармалды.

XS
SM
MD
LG