Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Азербайжанда демонстрациядан кийин абал тынч


Губадагы нааразылыкты күч менен басышты, 1-март, 2012
Губадагы нааразылыкты күч менен басышты, 1-март, 2012
Азербайжандагы Губа шаарында кечээ жаалданган бир нече миң демонстрантты коопсуздук күчтөрү көздөн жаш чыгарчу газ жана желим октор менен таркатты. Шаарда азыр абал тынч. Бийликтер кечээги тополоңдо төрт адам жаракат алганын, алардын үчөө полисмен, бири журналист экенин кабарлашты.

Райондун акими Рауф Хабибовдун кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар өкмөттүк мекемелердин айнек-терезелерин сындырып, акимдин үйүн өрттөп жиберишти. Алардын талабы аткарылганы тууралуу кабар айтылууда.

Азыр бийликтер шаарда көзөмөлдү колго алышканын билдирип жатышат. 22 адам кармалып, кийинчерээк бошотулду. Губадагы нааразылык аким Хабибов шаардын тургундарын “саткындар” деп атаган видео интернетте жарыяланып кеткенден кийин башталган.

XS
SM
MD
LG