Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Жарандык коом сот системасы боюнча мыйзамдарды сынга алды


Жарандык коом сот тармагы боюнча жаңы мыйзам долбоорлорун сындап чыкты. Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш бүгүн тараткан билдирүүсүндө “Соттордун макамы тууралуу” жана “Сотторду тандоо кеңеши тууралуу” мыйзамдарга киргизилген жаңы өзгөрүүлөр судьялардын көз карандысыздыгына шек келтирери айтылат. Бул өзгөрүүлөр президент менен парламенттин судьяларга басым жасашын шарттайт деп сыпатталууда.

Кечээ Жогорку Кеңештеги Сот реформасы жөнүндө мыйзамдардын макулдашылган варианты талкууга алынган. Андан сотторду тандоо, сотторду чакырып алуу маселеси талкуу жараткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG