Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Оштогу имамдар шайлоо маселеси боюнча сабак алышат


Бүгүн муфтий Чубак ажы Жалилов Ош шаарына барып, шаардагы имамдарга келе жаткан шайлоого байланыштуу дарс окуйт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Муфтий айрым жарандар “дин мамлекеттен бөлүнгөн” деген түшүнүк менен шайлоого катышуудан атайылап баш тартып келишкенин белгилеп, бул маселени жөнгө салууну максат кылат. Мындан тышкары Чубак ажы Жалилов жарандарды 4-мартта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуштарды сатпоого чакырууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG