Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Бишкек четинде 6 млн. тонна таштанды чогулду


Бишкек четиндеги таштанды жайында кеминде 6 миллион тоннадай таштанды чогулду. Бул тууралуу Бишкек мэри Иса Өмүркулов бүгүнкү тегерек үстөлдө билдирип, таштанды төгүлчү жай шаардын экологиясына коркунуч жаратарын билдирди. Анын айтымында, бир күндө бишкектиктер 1 миң куб метрден ашык таштанды чыгарат. Шаар четиндеги таштанды жайынын аянты 47 гектарды түзүп, ал жерде чогулган таштандылардын бийиктиги 6 метрден 10 метрге чейин жетти. Учурда Европанын өнүгүү жана кайра куруу банкынын гранты менен бул жайдын абалы иликтенип, калдыктарды жөнгө салуу үчүн сунуштар иштелип чыгууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG