Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Жаңы-Өзөн жаңжалы боюнча иш сотко өттү


Жаңы-Өзөндөгү тополоң боюнча иликтөө аяктап, иш жаңы эле сотко өткөрүлгөнүн Атырау облусунун башчысы Бауржан Мухамеджанов тастыктады. Сот ачык түрдө өтмөкчү. Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы башаламандыкты уюштурган 7 адам жана тополоңдун 36 активисти жоопко тартылаарын билдирген эле. Өткөн жылдын декабрь айында Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын нааразычылык акциясынан улам полиция менен кагылыш болуп 16 адам мерт кетип, 100дөн ашууну жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG