Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Москвада депутаттыкка талапкерди сабап кетишти


Москва шаардык думасына талапкер Петр Милосердовго жардамчысы менен көп кабаттуу үйлөрдө үгүт гезитин таратып жүргөн жеринен кол салышты. Оппозициячыл саясатчынын айтымында, ага эки бейтааныш адам келип үгүт иштерин токтотууну айтып, акча сунуштаган. Андан көп өтпөй дагы эки киши пайда болуп, талапкерди сабап киришкен. Ал азыр полицияга арыз берди, окуя боюнча иликтөө башталганы маалым болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG