Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Үч жетекчи чет өлкөнүн жараны экени аныкталды


Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстандагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы жана УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин чет өлкө жарандыгы бар экени аныкталды. Бул маалыматты башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматынан «Азаттыкка» тастыкташты. Расмий орган бул жетекчилердин аты-жөнүн, кайсы өлкөнүн жараны экенин ачыктаган жок. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, башка өлкөнүн жарандыгы бар адамдар мамлекеттик бийликтин жетектөөчү кызматтары менен укук коргоо тармагында иштебеши керек.

Бирок Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Гүлмира Шакирова, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жамил Илипбаев жана УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Боенов азырынча расмий позицияларын билдирише элек. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Башкы прокуратуранын жүйөсүнүн тактыгын Ички иштер министрлиги текшерип чыгарын «Азаттыкка» билдирди. УКМКнын басма сөз кызматы да маалыматтын тактыгы текшерилиши керектигин белгилешти. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG