Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Куранды өрттөгөндөрдү жоопко тартуу талап кылынды


Ооганстандагы жогорку диний кеңештин мүчөлөрү НАТОнун Баграмдагы авиабазада Куранды өрттөгөндөрдү сот жообуна тартууну талап кылышты. Кеңешменин мындай билдирүүсүн кечээ президент Хамид Карзайдын кеңсеси таратты. Билдирүүдө "Куранды өрттөгөндөрдү сот жообуна тартып, жазасын бериш керектиги, бир гана кечирим суроо менен маселе чечилбей тургандыгы" айтылган. АКШнын Баграм базасында Курандын нускалары өрттөлгөн деген маалыматтарга кыжырданган оогандар бир канча күн тополоң салган. Демонстранттар менен полициянын кагылышынан жыйырмадан ашуун киши мерт кеткен.

АКШнын аскерий жетекчилиги Курандын нускаларынын өрттөлүп кетиши үчүн кечирим сурап, бул атайлап жасалбагандыгын белгилешкен болчу.

XS
SM
MD
LG