Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Орусияда жымжырттык күнү


Бүгүн өлкө боюнча үгүт иштеринин бардык түрлөрүнө тыюу салынган. Президенттик шайлоого көз салууга 685 эл аралык байкоочу расмий катоодон өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Владимир Чуров Орусиядагы элчи-дипломаттар менен жолугушканда билдирди.

БШКнын башчысы шайлоонун үгүт өнөктүгү тынч маанайда, талапкерлер маалымат каражаттарынан эч кандай чектөөсүз пайдалана алгандыгын айтты.

Бүгүн шайлоонун жүрүшүнө добушканаларда орнотулган камералар аркылуу көз салууну каалангандарды интернетте каттоонун соңку күнү. Орусиянын президенттигине 5 талапкер Владимир Жириновский, Геннадий Зюганов, Сергей Миронов, Михаил Прохоров жана Владимир Путин ат салышууда. Орусиянын Конституциясы боюнча президенттик мөөнөт 6 жыл.

XS
SM
MD
LG