Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Иран: шайлоодо президенттин атаандаштарынын позициясы бекемделүүдө


Ахмадинежад добуш берүү учурунда. 2-март, 2012-жыл.
Ахмадинежад добуш берүү учурунда. 2-март, 2012-жыл.
Жума күнкү шайлоонун бюллентендеринин 90 пайызы саналгандан кийинки бейрасмий эсеп боюнча, Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменейинин жактоочулары парламенттеги 290 орундун үч чейрегинен көбүн алары күтүлүүдө.

Бул президент Махмуд Ахмадинежаддын консерватор атаандаштарынын Ирандын парламентиндеги туруму мурдагыдан да бекемделет дегенди туюндурат. Шайлоонун соңку расмий жыйынтыгы эртең чыгарылганы жатат.

Лидерлери Мирхоссеин Мусави жана Мехди Каруби бир жылдан ашуун убакыттан бери үй камагында олтурган ирандык реформачылар шайлоого негизинен катышкан жок.

Шайлоонун жыйынтыгы Ирандын тышкы саясатына, анын ичинде өзөктүк программа боюнча Батыш менен талашына олуттуу таасир тийгизбейт. Бирок жактоочуларынын жеңилиши президент Махмуд Ахмадинежаддын алдыда калган он алты айлык бийлигин алсыратчудай. (UE)

XS
SM
MD
LG