Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Ош: “Улуттар биримдиги” партиясы алдыда


Мэр Мелис Мырзакматов добуш берүү учурунда.
Мэр Мелис Мырзакматов добуш берүү учурунда.
Түштүк борбордо учурда шаардык кеңешке бүгүн өткөн шайлоонун добуштары эсептелип жатат.

БШКнын автоматташтырылган системасындагы маалыматка караганда, бюллетендердин 31, 51% же 23 шайлоо бекетиндеги добуштар эсептелгенден кийин 48,29% добуш менен “Улуттар биримдиги “ партиясы алдыда келе жатат. Бул партиянын артында мэр Мелис Мырзакматов тураары айтылып жүрөт.

“Улуттар биримдигинен” кийин 25,4% добуш менен Социал-демократтар, 16,09% добуш менен “Республика” партиялары келе жатат.

Добуш берүүгө тизмедеги шайлочулардын 75 пайыздан ашууну катышты. Байкоочулардын “Таза шайлоо” ассоциациясынын билдиргенине караганда, Оштогу добуш берүү негизинен мыйзамга ылайык өттү, бирок 9 шайлоо бекетинде бюллетень таштоо, 10 шайлоо бекетинде карусель ыкмасы, 5 шайлоо бекетинде байкоочуларга кысым жасоо, 10 шайлоо бекетинде үгүт жүргүзүү, 7 шайлоо бекетинде кайталап добуш берүү фактылары катталган.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 орун үчүн жети партия ат салышты.

Бүгүн Кыргызстанда үч шаардан тышкары 13 айылдык кеңешке шайлоо өттү. БШКнын маалыматына караганда, Токмокто добуш берүүгө тизмедеги шайлоочулардын 62%, Караколдо тизмедеги шайлоочулардын 53 пайыздан бир аз ашууну келген.

XS
SM
MD
LG