Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Каракол: добуш саноодо жаңжал чыкканы айтылууда


Каракол шаардык кеңешке шайлоодо добуштарды эсептеп жатканда шайлоонун жыйынтыгына нааразы жаштар тобу менен тартип коргоо органдары кагылыша кеткени айтылууда. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын Twitter барагы аркылуу тараткан маалыматка ылайык, жаңжалдан улам аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кайра эсептегени жатат, бирок буга каршы жаштар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, шайлооком мүчөлөрүн алмаштырууну талап кылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

БШКнын автоматташтырылган системасында маалыматка ылайык, Караколдо эки гана шайлоо бекетиндеги добуштар эсептелди. Шаарда 24 добушкана ачылган. 4-марттагы шайлоого 6 партия жана 14 шайлоочулар тобу катышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG