Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Конгодогу жарылууда эки жүздөн ашуун киши набыт болду


Африкадагы Конго Республикасынын баш калаасында согуштук курал-жарак сактаган кампа жарылып, соңку маалыматтар боюнча, 206 киши ажал тапты. Жардыруунун күчү өтө катуу болгондуктан кампага чукул жердеги бир нече үй кулаган. Андыктан өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү ыктымал.

Кулап калган чиркөөнүн урандыларынан адамдарды куткаруу иши жүрүүдө. Жабыркагандардын арасында бул жерде курулушта иштеген кытайлык жарандар көп. Француз өкмөтү жабыркагандарга дары-дармек, башка зарыл нерселерди жибере тургандыгын билдирди. Жарылуунун себептери аныкталууда.

XS
SM
MD
LG