Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Москвада оппозициялык лидерлер шаардык милицияга чакырылды


"Таза шайлоо үчүн" деген аталыштагы митингдерди уюштурган активисттер Борис Немцов, Сергей Удальцов, Алексей Навальный менен Илья Яшин дүйшөмбү күнү эртең менен Москванын борбордук округунун ички иштер башкармалыгына чакырылды. Алар менен бүгүн оппозиция өткөрө турган митингдин жоопкерчилиги тууралуу сүйлөшүү болоору айтылган. Бул жөнүндө лидерлер интернеттеги социалдык түйүндөрдө жазышты.

Орусиянын ички иштер министринин 1-орун басары Александр Горовой бүгүнкү уруксат берилген оппозициянын митинги чектен чыгып кетпөөсүн уюштуруучуларга эскертти. Уюштуруучулар бүгүнкү митингге 20 миңге чукул киши катышаарын интернетте билдирген. Бир катар оппозициялык лидерлер премьер Путиндин шайлоодогу жеңишин тааныбайбыз деп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG