Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Премьер-министр Катарга иш сапары менен кетти


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Катар мамлекетине расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында премьер-министр Катардын эмири Шейх Хамад Бин Халифа Аль Тани, Катардын премьер-министри, тышкы иштер министри Шейх Хамад Бин Джасим Бин Джабер Аль Тани менен жолугушуусу пландаштырылууда. Ошондой эле иш сапардын жыйынтыгында өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG