Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Кыргызстандагы орусиялыктардын көбү Путинди колдошту


Кыргызстанда жашап, иштеп жаткан орус жарандарынын кеминде 91 пайызы Владимир Путинди колдоп добуш беришти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко билдирди. Анын айтымында, калган төрт талапкердин эч кимиси бир пайызга чейин добуш топтой алышкан жок.

Бул жолку президенттик шайлоого Кыргызстандагы орус жарандары активдүү катышты. Өткөн жылдын декабрь айында өткөн парламенттик шайлоодо Кыргызстанда жашаган 4900дөй орусиялык добуш берсе, бул жолку президенттик шайлоого катышкандардын саны 11 миң 500дөн ашты.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча Орусиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путин шайлоочулардын 64 пайыздайынын добушун алып, биринчи болду. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG