Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Кыргызстанда соттордун күнү белгиленүүдө


Бүгүн Кыргызстанда сот системасында иштеген кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленип жатат. Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева кесиптештерин куттуктап, Кыргызстанда жүрүп жаткан сот реформасы судьяларга болгон тескери мамилени өзгөртүүгө багытталганын белгиледи. Мындай реформаны жүргүзүү үчүн судьяларга кесипкөйлүк, бекем позиция зарылдыгын эскертти. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты. Апрель окуясынан кийин Кыргызстанда башталган сот реформасы мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдөн улам толук кандуу ишке ашпай келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG