Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 12-мартта башталат


Бул тууралуу «Азаттыкка» тестирлөөнү өткөргөн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова билдирди. Анын айтымында, быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларында күндүзгү, кечки, сырттан окууну каалаган абитуриенттердин баары тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү. Себеби бул жылы Орусия жана Түркиядан каржыланган университеттерден башка окуу жайларда кошумча кирүү экзамендери жоюлат. Мындан тышкары быйыл техникалык жана экономикалык факультеттерге өтүү үчүн математикадан кошумча тест тапшыруу зарылчылыгы бар. Адаттагыдай эле негизги тест менен кошо англис тил, биология, химиядан кошумча тест тапшырууга мүмкүнчүлүк болот.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тестке катышуу үчүн каттоо 12-марттан 12-апрелге чейин созулат. Тестирлөө Бишкек шаарында 18-20-майда өтөт. Аймактарда болсо 24-майдан 31-майга чейин созулат. Анын жыйынтыгы июндун үчүнчү декадасы менен белгилүү болуп калат. (KKs)

XS
SM
MD
LG