Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Караколдогу митингчилер төрт күн мөөнөт берди


Караколдо кечээки шайлоонун жүрүшү жана жыйынтыгына нааразы болгон уюмдардын нааразылык акциясы токтоду. Акцияга чыккан “Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук бирикмесинин Ысык-Көлдөгү өкүлү Максат Касеновдун “Азаттыкка” билдиришинче, чогулгандар талаптарынын аткарылышы үчүн төрт күн мөөнөт беришти. Алар шайлоону мыйзамсыз деп таануу талабын коюп жатышат. Болбосо төрт күндөн кийин чоң митинг уюштураарын эскертишүүдө. Соңку жагдай боюнча, Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясы маалымат бере элек. БШКнын автоматташтырылган системасына ылайык, учурда Караколдогу 24 добушкананын 12синин маалыматы каралып бүттү. Ага ылайык, Социал-демократтар партиясы биринчи орунда келе жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG