Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Санкт-Петербургда кыргызстандык эки адамдын өлүмү иликтенүүдө


Орусиянын түндүк борборунун Башкы тергөө башкармалыгынын билдиргенине караганда, Кыргызстандын 25 жаштагы аял тургунунун жана болжол менен 9-10 жаштагы кыздын сөөгү шаардагы “Империал” мейманканасындагы бөлмөлөрдүн биринен 2-мартта табылган.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, алар мейманканга 1-мартта жайгашкан. Тергөөчүлөрдүн болжолуна караганда, кыргызстандык аял өзүнүн баласы делген кызды тумчуктуруп, анан өз жанын өзү кыйгандай.

Санткт-Петербургдун Башкы тергөө башкармалыгынын расмий маалыматында айтылгандай, мейманкана номеринде аялдын сөөгү карниздин жибине асынган абалда болгон.

Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы Ардактуу консулдугунан ушундай факт катталганын, учурда кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатканын ырасташты.
(UE)

XS
SM
MD
LG