Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Оппозиция лидерлери Ош мэрин куттукташты


Бүгүн оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, “Ата-Журттун” лидерлеринин бири, депутат Акматбек Келдибеков, Коммунисттер партиясынын башчысы Исхак Масалиев Ош мэри Мелис Мырзакматовду жергиликтүү кеңешке шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана “Улуттар биримдиги” партиясынын жеңип чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Бул өңдүү куттуктоолор Жогорку Кеңештин вице-спикерлери Талант Мамыров менен Бөдөш Мамыровадан, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Таабалдиевден, президенттин кеңешчиси Виктор Черноморец менен президент аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевден келип түштү. Кечээ Ошто өткөн жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо Мелис Мырзакматовго таандык экени айтылган “Улуттар биримдиги” партиясы шайлоочулардын 47 пайыздан ашыгынын добушун алып, биринчи болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG